Кыргызстандын хоккей командасы 3-дивизиондогу дүйнө чемпиону болду. Видео

Турнир Босния жана Герцеговинада өтүп, ага алты команда катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы командалар (В тобу) арасында алтын медаль утту.
Турнир Босния жана Герцеговина өлкөсүндө өтүп, ага алты команда катышкан. Кыргызстан командасы бардык атаандаштарын караандатпай жеңип, жалпы эсепте 76:5ти түзгөн. Мисалы, Ирандын дарбазасына кыргызстандык хоккейчилер 18, Малайзияга 22 шайба киргизген, алар жооп кайтара алган эмес.
Мындай жеңиштин арты менен Кыргызстан командасы кийинки жылы үчүнчү дивизиондун А тобунда ойноого мүмкүнчүлүк алды. Белгилей кетсек, былтыр өлкөнүн хоккейчилери төртүнчү дивизионду жеңип чыккан.
Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту