Радио

ЕАЭБде быйылкы жыл керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жылы деп жарыяланды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукунов керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган иш-чаралардын бир айлыгы өтө турганын маалымдады.
Sputnik
Быйыл ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Акжолтой Тукунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 15-марттан баштап керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган иш-чаралардын бир айлыгы өтөт.
"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 6-7 мыйзам менен иш алып барат. Анын бирөө дал ушул керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө. Бул багыттагы мыйзамдар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бири-бирине төп келтирилген. Евразиялык экономикалык комиссия 2023-жылды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жылы деп жарыялоону демилгеледи. Аны Кыргызстан дагы колдоого алып, бир катар иштерди жүргүзүү пландалууда. Алсак, 15-март керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнү. Ошого карата өлкөдө тийиштүү иш-чаралардын бир айлыгы өтөт. Анын алкагында ЖОЖдорду, мекемелерди кыдырып түшүндүрүү иштери жүрөт", — деди Тукунов.
Ошондой эле өлкөдө керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү өз укуктарын билбегени көйгөй жаратып келгенин кошумчалады.