Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматына расмий түрдө киришти

Иманалиев 24-февралдан бери министрдин милдетин аткарып келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматына расмий киришти. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгонун маалымат кызматынан билдирди.
Жапаров Иманалиевди 24-февралда министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган болчу. Анын талапкерлигин өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары карап, кызматка бекитүүгө макулдук берген.
Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, өткөн эмес. Эмгек жолун журналистикадан баштап, 1994-1995-жылдары президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп да эмгектенген. Бир нече китептин автору.
Иманалиев Жапаровго билим берүү тармагын кандайча реформалай турганын айтып берди