Радио

Бишкекте ислам бизнеси жана инвестиция боюнча форум өтөт

Ислам бизнеси жана инвестициялык корпорациянын пресс-атташеси Жаныбек Кожоев Кыргызстанда ислам принциптеринде туура иштеген каржы механизмдери жок экендигин айтты.
Sputnik
Бишкекте биринчи жолу ислам бизнеси жана инвестициясы боюнча форум өтөт. Иш-чарага Жакынкы Чыгыштан 10 өлкөнүн катышуусу күтүлүп, бизнес, инвестиция, соода жаатында жолугушуулар болуп, келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Жаныбек Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форум Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүсү үчүн ири аянтча болуп, тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
"Бишкекте биринчи жолу ислам бизнеси жана инвестициясы боюнча форум өтөт. Иш-чарага Жакынкы Чыгыштан 10 өлкөнүн катышуусу күтүлүп, бизнес, инвестиция, соода жаатында жолугушуулар болуп, келишимдерге кол коюлат. Форум Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүсү үчүн ири аянтча болуп, тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мындан тышкары, байланыштарды чыңдоого, Борбор Азия өлкөлөрүндө ислам инвестициясын, ишкердүүлүктү жана инновацияларды илгерилетүү боюнча тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет. Анткени Кыргызстанда ислам принциптери менен туура иштеген каржы механизмдери жок", — деди Кожоев.
Ошондой эле адис ислам принциптерине багытталган форум жыл сайын уюштурулуп, мындай кызматташуу уланышы керектигин кошумчалады.