Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Көчүп" жүргөн "Гиацинт-С" жана ал талкалаган позициялар. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиялык артилеристтердин "Гиацинт-С" куралын каршы тарапка колдонуп жаткан видеосун РФтин Коргонуу министрлиги таратты.
Кадрдан аталган техниканын белгиленген позицияга келип ок чыгарганын жана анын бутага кантип тийгенин көрүүгө болот.
Борбордук аскердик округ 152 мм. артиллериялык бул пушкалар менен Украинанын Куралдуу күчтөрү турган жерлерди мээлеген.
"Аскер адистери көчүп жүрүүчү куралдар тактикасын колдонот. Тагыраагы, бир нече мүнөт ичинде алар 5-6 ирет атып, андан соң позициясын алмаштырып кетет", — деп айтылган маалыматта.
Борбордук аскердик округ чалгын топтору пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен кайсы жерге ок жаадырыш керектигин жана анын келип тийгенин көзөмөлгө алып, жөндөп турушары айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги Украина аскер күчтөрүнө "Искандерди" колдонгонун көрсөттү