Бирөөнүн аялын уурдады деп шектелген 22 жаштагы жаран кармалды. Сүрөт

Окуя борбор калаадагы Калыс-Ордо конушунда болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында тартип сакчылары түшкөн арыздан кийин атайын операция жарыялап, киши (аял) уурдоого шектүү 22 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлады.
4-мартта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран Калыс-Ордо конушунан аялын белгисиз адамдар күчтөп автоунаага салып кеткени боюнча арызданып кайрылган. Факты боюнча аталган райондун милициясынын тергөө кызматы адам уурдоо боюнча иш козгогон.
Бишкек шаардык ИИБ жана аталган райондун милициясы биргеликте атайын операция жарыялап, издөө иштери башталган. Көп өтпөй 22 жаштагы шектүү колго түшүрүлүп, борбор калаадагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милициядан учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
Киши уурдап кетип үч күн туткундап, 3000 доллар талап кылды дегендер кармалды