Радио

Кыргызстанга акысыз билим алууга эң көп квота бөлгөн үч өлкө аталды

Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ректору Алмаз Кадыралиев өнүккөн өлкөлөр эмне себептен башка жактан студенттердин келип билим алышына кызыкдар болорун айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга акысыз билим алууда эң көп квота бөлүп берген өлкө — Венгрия. Бул тууралуу Алмаз Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган өлкөдөн кийинки орундарда Кытай жана Россия турат.
"Өнүккөн өлкөлөр эмне себептен башка мамлекеттерден студенттердин келип билим алышына кызыкдар? Анткени алар билимге инвестиция жасагысы келет. Ал жактан жаңы нерселерди үйрөнүп, мыкты долбоорлорду ишке ашырганга мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот. Башка элдер кантип өнүгүп жатканын, жаңы өзгөрүштөрдү байкап, өзүнүн өлкөсүнө алып келсе дешет. Азыркы кезде кыргызстандык жаштарга акысыз квота үчүн эң көп орун бөлүп берген өлкө — Венгрия. Андан кийинки орундарда Кытай жана Россия турат. Аталган үч өлкө биздин жаштардын билим алуусуна эң көп квота бөлүп берген мамлекеттер. Албетте, башка өлкөлөрдө да стипендиялык программа аркылуу билим алып жаткан улан-кыздарыбыз бар. Бирок салыштырмалуу азыраак", — деди ректор.
Ал венгр элинин кыргыздарга болгон мамилеси өзгөчө жылуу экенин кошумчалады.