Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту. Сүрөт

Биринчи айым мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында өтө турган "Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу" аттуу I кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Ал жерде сүйлөгөн Жапарова тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгилеген.
1 / 3

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында өтө турган "Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу" аттуу I кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту

2 / 3

Ал жерде сүйлөгөн Жапарова тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгилеген

3 / 3

Биринчи айым аялдар форумунун жана башка бул сындуу иш-чаралардын өткөрүлүшү салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоого, аларды мындан ары жайылтууга оң таасирин тийгизерин, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактык, руханий жактан тарбиялоодо салым кошуп жаткандыгына токтолгон

Биринчи айым аялдар форумунун жана башка бул сындуу иш-чаралардын өткөрүлүшү салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоого, аларды мындан ары жайылтууга оң таасирин тийгизерин, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактык, руханий жактан тарбиялоодо салым кошуп жаткандыгына токтолгон.
"Аялзатынын негизги орду – эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо экенин баарыбыз жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Заманга төп келген аялзаты бул негизги миссияларын ар кыл тармакта жасаган карьера менен чебер айкалыштырып, олуттуу ийгиликтерге жетип жатканы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт", — деген Жапарова.
Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирген. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгилегени айтылды.
Биринчи айым элдин бакубат жашоосу жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү — талыкпаган биргелешкен күч-аракет жана өз ара колдоо менен гана мүмкүн болорун белгиледи.
Жапарова мекендештер менен жолугушуунун алдында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көргөн.
Айгүл Жапарова Тегеранда кыргыз эли үчүн аялдын идеалы тууралуу айтып берди