Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркияда АКШ Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна каршы болуп жатканы айтылды

Анкара буга чейин Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга салымын кошууга даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШ менен Улуу Британия украин жаңжалын болушунча узартууга кызыкдар, ошондуктан түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын Россия лидери Владимир Путин менен Украинанын башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштуруу аракетине каршы чыгууда. Бул тууралуу Түркиянын президентинин алдындагы Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кеңешинин мүчөсү Чагры Эрхан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алар (АКШ менен Улуу Британия — ред.) Зеленский жана Путиндин Эрдоган менен жолугушуусун каалабайт, бирге түшкөн сүрөттөрүн көргүсү келбейт. Алар согуш болушунча узакка созулушун каалайт, украиналыктардын келечеги, дүйнө тууралуу ойлонушпайт", — деп айткан Эрхан.
Эрдоган 24-февраль күнү Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Анкара Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга салымын кошууга даяр экенин билдирген.
"Путин менен да, Зеленский менен да бир гана Эрдоган сүйлөшө алат. Ал экөөнүн жолугушуусун уюштуруу ыкмасын таба алат деп ойлойм. Конкреттүү жыйынтыкка жетүү үчүн чогуу түшкөн сүрөт маанилүү эмес. Алгачкы жыйынтыгы, албетте, атышууну токтотуу жана андан кийин дипломатиялык соодалашуу аркылуу компромисске келиши ыктымал", — деди Эрхан.
Россия 24-февралда баштаган Украинадагы атайын операциясын улантып келет. Максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кордугуна, кыргынына дуушар болгон" Донбасстын элин коргоо зарылдыгы деп белгиленген. РФ президентинин айтымында, бул үчүн "Украинада денацификациялоо жана демилитаризация жүргүзүп", аскер кылмышкерлеринин баарын сот жообуна тартуу керек. Күзүндө Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай ЖМКсы: Америка башында Россияны оңой жоо деп ойлоп, эми кыйналууда