БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Америкалык Жон Жонс UFC уюмунун оор салмактагы жаңы чемпиону болду. Ал биринчи раундда франциялык Сирил Ганды жеңип алды.
Алар Лас-Вегаста өткөн UFC 285 турниринин башкы беттешинде күч сынашты.
Жонс — UFC уюмунун жарым оор салмактагы мурдагы чемпиону. Ал оор салмакка өткөнүн жарыялаганы менен бир дагы беттеш өткөргөн эмес жана 2020-жылдан бери рингге чыга элек болчу. Ган — дивизиондогу биринчи номер.
Бүгүн дагы бир негизги беттеште кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык Алекс Гроссого жеңилип калды.