Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы турнирден алтын утту

Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Софияда (Болгария) өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык турниринде алтын утту. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.
Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалда польшалык каршылашын 6:0 эсебинде уткан.
Эске салсак, кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуп эсептелет.
Кыргызстандан жалпы жонунан 4 спортчу барган. Финалга Акжол Махмудов (77 килограммга чейинки салмак) дагы чыккан.
Тез арада реванш болушун каалайм! Шевченко утулуп калгандан кийин үн катты. Видео