БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Ысык-Көлдөгү абаырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 5-8-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
9-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
10-11-мартта күначык болот.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-мартта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.