БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Валентина Шевченко утулуп калгандан кийин суроолорго жооп берип, тез арада реванш мелдеш болушун кааларын билдирди.
“Таймаш учурунда утуп, бийиктиктерге жетесиң. Бирок бир эле ката баарын өзгөртүп коет. Бул — биздин оюндун бир бөлүгү. Алексаны жеңиши менен куттуктайм! Бирок мен андан күчтүүмүн, муну билем. Айланып сукку урам деп жаңылып калдым. Антпесе жеңиш меники эле. Анткен менен бул нерсе биздин дивизионго кан жүгүртөт деп ойлойм. Мен кайтып келип, курумду кайтарып алгыча кыздар активдүү мушташып калат деп ойлойм. Тез арада реванш болушун каалайм”, — деди спортчу.
Эске салсак, бүгүн UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргогону чыгып, мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калды.
Атаандашы оңой эмес экенин көрсөтүп, чемпион менен төртүнчү раундга чейин таймашты. Акырында муунтуу ыкмасы менен утуп кетти.