Валентина Шевченко чемпиондук курун алдырып ийди

Былтыр Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргой албай калды. Бул жолу ал мексикалык Алекса Гроссо менен Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында күч сынашты.
Шевченконун атаандашы оңой эмес экенин көрсөтүп, чемпион менен төртүнчү раундга чейин таймашты. Акырында муунтуу ыкмасы менен утуп кетти.
Былтыр Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.
Айсулуу Тыныбекова Египеттеги рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Видео