Садыр Жапаров: соттун адилетсиз чечимдерине даттануулар азайбай жатат

Бүгүн, 5-март, Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. Анткени сот системасы мамлекеттик ишмердүүлүктүн эң маанилүү чөйрөсү болуп келген жана кала берет.
“Тилекке каршы, соттордун адилетсиз чечимдерине даттануулар азайбай жатканын айтышыбыз керек. Силердин калыс чечимиңер аркылуу жалпы элибиздин сот тутумуна жана ошондой эле мамлекеттик бийликке болгон ишенимин кайтаруу үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Жапаров Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча реалдуу кадамдар жасалып жатканын белгиледи. Заманбап технологияларды киргизүү коом үчүн сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
“Эч качан адилеттиктен тайбаңыздар! Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга салым кошсун, элибиз болсо сот адилеттигине ишенимдүү таянгандай болсун”, — деди президент.
Бүгүн, 5-март, Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү.
Ата-бабанын таберигин аздектөө – ыйык милдет! Жапаров калпак күнү менен куттуктады