Кыргызстан катышат. Футбол боюнча Азия кубогунун убактысы айтылды

Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чейин чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу Кыргызстандын курама командасы катыша турчу Азия кубогу — 2023 оюнун өткөрүү убактысын атады.
Турнир Катарда кийинки жылы, 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин болот. Финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн 24 алдыңкы команда катышат.
Башында Азия кубогун 2023-жылы Кытайда өткөрүү пландалган, бирок бийлик коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам иш-чараны уюштуруудан баш тарткан. Мындан улам Азия биринчилиги Катарда өтмөй болгон.
Белгилей кетсек, ысык аба ырайына байланыштуу футбол боюнча дүйнө чемпионатын 2022-жылы декабрда өткөрүшкөн. Андыктан Азия кубогу дагы кийинки жылы кышта болмокчу.
24 команданы тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак 11-майда Дохада (Катар) өтөт.
Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы тарыхта экинчи жолу турнирдин финалдык бөлүгүнө жетүүдө. Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чейин чыккан.
Кыргызстандын футболчулары Азия кубогунун биринчи оюнунда жеңилип калды