Радио

Талантбеков: “Манаста” деңиз жаныбарларынын да аталыштары кездешет

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста деңиз жаныбарынын дагы аталыштары кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, улуу баянда "морская корова", "морская свинья" делген жаныбарлардын кыргызча аталышы бар.
"Манас” эпосунда деңиз жаныбарынын дагы аталыштары кездешет. Күнүмдүк турмушта морж делген жаныбар Сагымбай Орозбаковдун вариантында "түндүк сыйыр" деп аталганын жолуктурууга болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытса болорун кошумчалады.