Казакстанда кырсыктаган поезд. Кыргызстандыктар мекенине кайтарылат

Поезд менен тепловоз (вагону жок) капталы менен кагышкан. Анын кесепетинен үч вагон рельстен чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik. Бүгүн, 5-мартта, Бишкек – Самара каттамы менен бараткан поезд Казакстандын аймагында кырсыктады. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Актөбө облусуна караштуу Шалкар районунда №317 поезд менен тепловоз (вагону жок) капталы менен кагышкан. Анын кесепетинен үч вагон рельстен чыгып кеткен (экөө жүргүнчүсү бар, бирөө башкы тепловоз). Поездде жалпы жонунан 214 жүргүнчү болгон. Алар – Кыргызстан менен Казакстандын жарандары жана темир жолдун кызматкерлери.

“Актөбө облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, медициналык жардам алуу үчүн эки адам кайрылган (жеңил жараат алышкан). Башка кайрылуу түшкөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселесин карап жатат.
Грецияда эки поезд кагышып, 26 кишинин өмүрү кыйылды. Видео