Чүйдө 11-мартка чейин аба ырайы кандай болору айтылды

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Чүй облусунда алдыдагы аптада кандай аба ырайы күтүлүп жатканын айтты.
Маалыматка караганда, 6-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
7-мартта күндүз жана 8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-мартта күндүз жана 9-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ошондой эле синоптиктер 9-10-11-мартта дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганын айтышты.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу