Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту

Бул — улуттук курама команданын капчыгына түшкөн экинчи алтын.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Софияда (Болгария) Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.
Балбан 77 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти. Финалда армениялык Малхас Амоян менен кез келип, мелдеш 1:1 эсеби менен аяктады. Эреже боюнча, упайды акыркы болуп алган спортчуга жеңиш ыйгарылат. Ушул эле турнирде грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков дагы алтын утту.
Жонс UFC уюмунун оор салмактагы жаңы чемпиону болду