БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +8...+13, ал эми Нарында -2...+3 градуска жылыйт.
Бул күнү Бишкекте жамгыр жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градуска жетет.