Захарова Ак үйдүн маалымат катчысынын Россиянын атын "өзгөрткөнүнө" жооп берди

Карин Жан-Пьер АКШнын президенти менен Еврокомиссиянын башчысы 10-мартта "башка эл аралык маселелерди, анын ичинде Россия Элдик Республикасынын чакырыктарына биргелешип жооп кайтарууну талкуулашарын" билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьердин Россияга карата айтылган сөзүнө комментарий берди.
Буга чейин Жан-Пьер АКШ президенти Жозеф Байден менен Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйендин 10-мартта боло турган жолугушуусуна комментарий берип жатып, "алар башка эл аралык маселелерди, анын ичинде Россия Элдик Республикасынын чакырыктарына биргелешип жооп кайтарууну да талкуулашат" деп айткан. РИА Новости түшүндүргөндөй, Жан-Пьер сөзүндө Кытай Эл Республикасынан келген чакырыктарды айтам деп адашып калган.
Захарова Telegram баракчасына "Зомби Апокалипсиси" деп жазган.
Бул Жан-Пьердин биринчи адашуусу эмес. Ал өткөн аптада Барак Обаманы АКШнын азыркы президенти деп атап алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия АКШ, Канадага жооп кылган санкцияларды киргизет