БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы, борбор калаанын райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта Курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик архитектура агенттигинин жана "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы айтылат.
"Жооптуу кызматкерлер Бишкектин аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акча алып келгендиги аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын мыйзамсыз иштерди кылгандыгы боюнча маалыматтар алынган.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.