Тышкы иштер министри ДССУнун башкы директору менен жолукту. Талкууланган маселелер

Тараптар кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кечээ, 3-мартта, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ДССУнун ортосундагы саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнү жана чыңдоону, ошондой эле COVID-19 пандемиясына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган кызматташууну талкуулашты.
“Кулубаев Кыргызстандын баштапкы медициналык-санитардык жардамын модернизациялоо, саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык тутумун түзүү, жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну күчөтүүгө басым жасоону сунуштады. Өз кезегинде Гебрейесус саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн багыттары боюнча ДССУ мындан ары да Кыргызстанга жардам көрсөтөрүнө ишендирди”, — деп билдирди ТИМ.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстан ДССУ менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирип, Гебрейесусту Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Антимонополия: Бишкекте азык-түлүк арзандап жатат