Таласты жетектөөгө Бакытбек Нарбековдун ордуна Нурлан Дарданов келди

Дарданов буга чейин Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Дарданов буга чейин Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеген.
Ал эми Таластын мурдагы жетекчиси Бакытбек Нарбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан кеткени айтылган.
Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты