"Ичтеги көпөлөктөр" дайым эле сүйүүдөн кабар бербейт. Адис бул көйгөй экенин айтты

Адатта сүйүктүүңө карата ичтеги алып учуу 6-12 ай, эң көп дегенде үч жылга чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Сүйүктүүсүн көргөндө алып учуп, ичтин уйгу-туйгу болгону, албетте, жакшы. Бирок мамилелер жаңы башталган учурда гана. Эгер мындай сезимдер жылдарга созулса, психологиялык көйгөйдөн кабар берерин "Доктор Питер" басылмасына психолог Татьяна Попова айтып берди.
"Ичтин уйгу-туйгу болушу бул чыныгы сүйүүнүн эмес, тынчсыздануунун белгиси. Мамилелер жаңы башталган учурда ал кадыресе көрүнүш. Анткени жаныбыздагы адамдын кандай экенин жакшы биле элек, эртең эмне болуп кетет деп ар кайсыны ойлоп турган учур. Бирок мамилелер бекемдеп, никеге турган кезде деле мындай боло бергени бир аз кооптуу", — деди Попова.
Психолог бул адамдын түгөйүнө ишенбестигинен, аны жоготуп алуу коркунучу менен жашарынан кабар берерин айтат.
"Адатта ичтеги алып учуу 6-12 ай, эң көп дегенде үч жылга чейин созулат. Ошол себептен "сүйүү үч жыл жашайт" деген түшүнүк бар", — деди ал.
Андыктан адис "ичтеги көпөлөктөр" кетип калган учурду сүйүүнүн өчүшү катары баалабай, туруктуулук, ишеним орноду деп кабыл алууну сунуштайт.
Радио
Уйкусуздук — дээрлик бардык оорунун белгиси. Адистин түшүндүрмөсү