Радио

Абдыкадыров: композитор болбосом сүрөтчүлүктү аркаламакмын

Композитор, обончу Качкын Абдыкадыров ырдын обону уккулуктуу болсо ал чыгарма элге жетет деп эсептейт.
Sputnik
Обончу болбосом сүрөтчү болмокмун. Бул тууралуу Качкын Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармачыл адамдын эмгеги элге жетиш үчүн анын чоң шаарда же айылда жашаганы маанилүү эмес.
"Өзүм Саякбай Каралаев атабыздын кичи мекени болгон Ак-Булуңда төрөлүп-өскөм. Бала кезимден музыкага жана сүрөт тартканга шыктуу элем. Ата-энем менин сүрөтчү болушумду каалап, мектепти аяктаган соң окуу жайга тапшырууга шаарга жөнөтүштү. Экзамен учурунда столдогу предметти “рисунок”, “живопись” жана “композиция” деп тартат экен. Орусча билбегендиктен композициясын түшүнө албай тартпай коюп өтпөй калгам. Көрсө, эркин тема эле болчу экен. Андан соң улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып бүтүргөм. Курсташтарым Гүлзат Байзакова, Анапия Райымбекова, Динара Жусаева жана башкалар. Азыр канча обонум бар экенин деле так билбейм. Көбүнчөсү патриоттук маанайда жазылган. Биздеги көп композиторлор лирикалык обондорду жаратышат экен. Мен патриоттук обондорду чыгарууну өзүмө максат кылып койгом", — деди Абдыкадыров.
Композитор айылда жашап эле атактуу аткаруучулар менен кызматташып, бир топ белгилүү ырларга обон жаратканын кошумчалады.