Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Тесттин жыйынтыгы мектептеги билим берүүнүн сапатын аныктабай тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-февралдан 7-апрелге чейин жүргүзүлөт. Тестти өткөрүүнүн болжолдуу датасы 19-24-майга туура келерин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматта быйылкы жылдагы бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга онлайн каттоо мектептерде же колледждерде, ал эми мурдагы жылдардагы бүтүрүүчүлөрдү каттоо райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөрү айтылат.
"Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн босого балл жыл сайын ЖРТнын жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин бекитилет. Өткөн жылы негизги тест үчүн 110 балл, предметтик тесттер үчүн 60 балл, педагогикалык багыттардагы окууга тапшыруу үчүн 115 балл бекитилген", — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыгы мектептеги билим берүүнүн сапатын аныктабай тургандыгы, ал абитуриенттин ЖОЖдордун программасын өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнүн божомолу болуп саналары айтылды.
Парламент Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри болушуна макулдук берди