ТИМ Nestle компаниясын Кыргызстанда да иштөөгө чакырды

Nestle дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүргөн швейцариялык компания экени маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Nestle компаниясын Кыргызстанда долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай сунуш Кулубаев менен компаниянын улук вице-президенти Питер Свенссондун Швейцариядагы жолугушуусунда айтылган.
Кулубаев Кыргызстандын чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аракети жана өлкөнүн экспорттук потенциалы тууралуу кенен маалымат берген.
"Кыргызстандын суу ресурстарын, ошондой дүйнөдө бөтөлкөдөгү таза сууга болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен бул багытта кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды", — деп айтылган маалыматта.
Натыйжада Свенссон жетектеген компаниянын миссиясы Кыргызстанга өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүштүк потенциалы менен таанышуу үчүн келмей болгон.
Nestle — дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүргөн швейцариялык компания. Ишкана кофе, минералдык суу, шоколад, балмуздак, сүт азыктары, балдар тамагын чыгарат. Негизги бренддери — KitKat, Maggi, Nescafe, Nesquik, Nestea.
Россиялык компания быйыл Кыргызстандан 5 миң тонна продукция алууга даяр