Кыргызстанда дары каражаттары жөнүндө маалымат берген тиркеме ишке кирет

Бул система аркылуу дарынын өлкөгө киргенден баштап бейтаптын керектөөсүнө чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар дарыны көзөмөлдөө системасынын мобилдик тиркемеси аркылуу дары каражаттары жөнүндө зарыл болгон бардык маалыматтарды ала алышат. Бул тууралуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда тиркеме сыноодон өтүп жатат. Саамалык ишке киргизилгенден кийин колдонуучулар QR-код аркылуу өзү сатып ала турган дары каражаты жөнүндө бардык маалыматтарга ээ болот. Кыргыз жана орус тилдеринде жазылат. Бул система аркылуу дарынын өлкөгө киргенден баштап бейтаптын керектөөсүнө чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк ачылат.
"Мобилдик тиркемеде дары каражатын кайсы өлкө чыгарган, качан чыккан, жарактуу мөөнөтү, дозасы, баасы жана башка маалыматтар камтылат. Бул керектөөчүлөргө сапаттуу дары каражаттарын тандоого шарт түзөт. Ошондой эле бааларды жөндөөгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди Абалиева.
Тиркеме ишке киргизилген соң аны Google Play Store интернет дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.
Радио
Исмаилов: өлкөдө рецепт менен берилүүчү дарылардын тизмеси кеңеет