Антимонополия: Бишкекте азык-түлүк арзандап жатат

Ишкерлердин айтымында, учурда азык-түлүк товарларынын тартыштыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектин базарларында азык-түлүктүн баасы төмөндөп жатканы байкалууда, анын ичинде ун менен кумшекер дагы бар. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Антимонополия "Аламүдүн" базарындагы бааларга мониторинг жүргүзгөнү белгиленди. Ишкерлерге социалдык маанилүү товарлардын наркын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Өсүмдүк майы, эт, ун жана кумшекерге өзгөчө маани берилген. Соодагерлердин айтымында, учурда товарларды ташуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат, азык-түлүк тартыштыгы жок.
Айыл чарба министрлиги пияздын экспортуна салынган чектөөнү алып таштоону сунуштады