Радио

Үй сатып алуудагы эң башкы катачылык айтылды

AIM Partners юридикалык компаниясынын жетекчиси Мээрим Ибраева үй сатып алуучу курулуш компаниясынын репутациясына, ишмердүүлүгүнүн тарыхына, финансылык туруктуулугуна маани берүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Жарандар үй, батир сатып алууда келишим менен толук таанышпай, көйгөй жаралат. Анткени курулуш компаниясы көп учурда кардардын эмес, компаниянын пайдасына ылайыктап документти даярдап коёт. Бул тууралуу Мээрим Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кардар компаниянын жер участогуна тиешелүү бардык документтерин текшере албаса сөзсүз кыймылсыз мүлк боюнча юристтерге же юридикалык компанияларга кайрылышы керек.
"Үй сатып алууда бардык документтерге көңүл буруп, курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдеш керек. Мисалы, компаниянын репутациясын, финансылык туруктуулугун, активдеринин абалын, курулуш объектилеринин эксплуатациясын, канчасы убагында бүткөндүгү тууралуу толук маалымат алуу керек. Мындан тышкары, жер участогуна болгон тиешелүү документтери каралышы абзел. Турак жайды курууга лицензия, мамлекеттик экспертизанын корутундусу, инженердик-техникалык шарттары, архитектуралык пландаштыруу шарттары сыяктуу аспектилерди дыкат изилдеп коюу жакшы болот. Бүгүнкү күндө үй куруучу мекеме болжолдуу келишимди сунуштап, иш алып барат. Бул кардар үчүн көп учурда пайдасыз. Жарандар үй, батир сатып алууда келишим менен толук таанышпай, көйгөй жаралат. Анткени курулуш компаниясы көп учурда кардардын эмес, компаниянын пайдасына ылайыктап документти даярдап коёт. Бул жакта кардардын жана компаниянын жоопкерчиликтери так жазылышы зарыл", — деди Ибраева.
Ошондой эле адис кыймылсыз мүлккө байланыштуу мамлекеттен акысыз юридикалык жардам жоктугун кошумчалады.