Шейшеп менен балкондон түшөм деген. Жалда тестиер кыз 4-кабаттан кулап кетти

Текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районунда 12 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап түшүп, аман калды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 2-март күнү кечинде болжол менен саат 22:49да болгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, 12 жаштагы кыз сыртынан бекитилген батирде жалгыз болгон. Ал курбулары менен сейилдөөгө чыккысы келип, балкондон шейшеп менен түшүүгө аракет кылган. Бирок шейшеп айрылып кетип кулап түшкөн. Учурда кыз ооруканада жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Ленин райондук милициянын маалыматтык журналына катталып, текшерүү башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Сузакта улуу балдардын ур-токмогунан кийин 15 жаштагы окуучу каза болду