ЖМК: Россиянын санкциялардан өтүп кеткени Батышты түйшөлтүүдө

Путин санкциялар РФке эле эмес, жалпы дүйнөгө кесепетин тийгизип, ал эми Европаны туңгуюкка кептегендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Батыш Россиянын болуп көрбөгөндөй сакцияларды көтөрүп өтүп кеткендигине түйшөлүп жатат. Бул туурасында РИА Новости Al-Ain басылмасынын баяндамачысы Мухаммед Ферхатка шилтеме кылып жазды.
"2022-жылы россиялык экономика мурда күтүлгөндөн да жакшы натыйжаларды берген. Өткөн жылдын апрель айында Эл аралык валюта фонду Россиянын ички дүң продукциясынын 18,5 пайызга түшүп кетерин болжолдогон, бирок өлкөнүн экономикасы 2,5 пайызга кыскарган", — деп белгиледи журналист.
Анын пикирине караганда, Москва "жетишерлик деңгээлде туруктуулугун көрсөттү" жана россиялык экономиканын "урап калуудан" оолак болгону Батышка жаккан жок. Аны менен катар эле эл аралык эксперттер 2023-жылы өсүш болорун божомол кылып жатышат.
Жакында эле Россия лидери Владимир Путин Батыш санкциялар менен россиялык коомчулукту ичинен бузгусу, алсыраткысы келгенин, бирок ал ишке ашпагандыгын белгиледи. Мурдараак ал санкциялар РФке эле эмес, жалпы дүйнөгө кесепетин тийгизип, ал эми Европаны туңгуюкка кептегендигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай ЖМКсы: Америка башында Россияны оңой жоо деп ойлоп, эми кыйналууда