БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Кремль кабарлады.
Путин объектилердин антитеррордук коопсуздугун талкуулоону сунуштады.
"Бүгүн сиздер менен өтө маанилүү маселени карайбыз. Тагыраагы, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндөгү объектилердин антитеррордук коопсуздугу каралат. Докладчы — ички иштер министри", — деди Россиянын башчысы.