Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

The Spectator: Путин дүйнөлүк тартипти өзүнө ыңгайлаштырып өзгөртүүдө

Чет элдик ЖМКлар Украинадагы чатактын НАТОдон улам чыккандыгы Россияны чет элдик лидерлердин көз алдында улам белгилүү кылып жаткандыгын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин дүйнөлүк тартипти өзүнө ыңгайлаштырып өзгөртүүдө. Бул туурасында The Spectator басылмасы жазгандыгын РИА Новости кабарлады.
ЖМК Батыштын коалициясы украиналык кризисте биргелешип тура калганы менен мурда нейтралитетти сактап келген бир топ мамлекеттерди өз тарабына тарта албагандыгын белгилеген.
"Африканы карасаңар. Өткөн жылдын март айында 54түн ичинен африкалык 25 өлкө калыс деген позицияны карманышты же Батыш болуп көрбөгөндөй басым жасап кысса да БУУнун россиялык "агрессияны" сынга алган резолюциясына макул болгон жок. Алардын Украина тарапта турбагандыгы — Россиянын дипмиссиясынын иши өзүнүн түшүмүн берди деген кеп жана ага айкын далил", — деп жазган The Spectator.
Макалада АКШ менен анын союздаштарынын глобалдык терс өзгөрүүлөр менен туруксуздуктун себепкери болуп жатканы туурасында пикирлер байма-бай тарап жатканы айтылган. Украинадагы чатактын НАТОдон улам чыккандыгы Россияны чет элдик лидерлердин көз алдында улам белгилүү кылып бара жаткандыгы жазылган.
Автор Украина чатагы Россия менен Кытайды өтө жакындаштыргандыгын жазган. Учурда Пекин орус нефтиси менен газын рекорддук көлөмдө сатып алып жатканын белгилеген.
ЖМК Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Москвага жасаган сапарында Кытай менен Россиянын ортосундагы "жаңы чектер" тууралуу айтып, эл аралык коомчулуктун басымына биргелешип каршы туруу боюнча чакырык жасаганын эске салды.
Путин азыркы окуялар Батыштын саясаттагы, экономикадагы жасаган глобалдуу басымын четке сүрүп жаткандыгын айтып келет. Автор РФ лидеринин азыркы заманда Россияны катаал изоляция кылууга болбой турганын айтканын макаласында эскерткен.
Путин: батыш Россиянын элин санкциялар менен кыйноого аракет жасады