Утушка 40 унаа коюп... "Ош сила" лотереясы мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды

Социалдык тармактагы жарнамаларынан утушка 40 автоунаа койгонун көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Тиешелүү лицензия албай туруп, Ош шаары жана облусунун аймагында "Ош сила" аттуу профессионалдык лотерея ойнотушкандар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар "Лотереялар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу менен лотерея оюнун уюштургандыктан Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик кылуу") менен иш козголгон.
"Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы аларга мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берген. Бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске алышкан эмес. Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. билеттерди саткан жана ал үчүн "М-Банк" тиркемеси аркылуу төлөм алган. Ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн", — деп билдирди УКМК.
Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, лотерия уюштуруучулардын социалдык тармактагы жарнамаларынан утушка 40 автоунаа койгонун көрүүгө болот.
Киши уурдап кетип үч күн туткундап, 3000 доллар талап кылды дегендер кармалды