БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Третьяков галереясында (Москва) кыргыз тилинде экскурсиялар өтүп турат. Экскурсия бир айда бир жолу, ар бир үчүнчү ишембиде саат 14:00дө баштала тургандыгын мекеменин администрациясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, анын жүрүшүндө музейдин тарыхы, анын негиздөөчүсү Павел Третьяковдун өмүр баяны менен таанышууга болот. Ошондой эле ага келгендер сүрөтчүлөр Владимир Боровиковский, Александр Иванов, Виктор Васнецов, Валентин Серовдун чыгармаларына күбө болот.
Экскурсовод — кыргызстандык лингвист, "Аялдар маеги" эл аралык тынчтык орнотуу коомдук кыймылынын кеңешчиси, аталган музей менен "Гараж" заманбап искусство музейи биргеликте ишке ашырган экскурсоводдорду даярдоо курсунун бүтүрүүчүсү Асипа Жумалиева.
Бул экскурсия "Маданий интеграция" долбоорунун алкагында өтүүдө. Ал Третьяков галереясында 2019-жылдан бери уюштурулуп келет жана миграцияда болгон адамдарга багытталат.