Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаевди машыктырган Сарыгул Чекиров дүйнө салды

Маркум Кыргызстандан чыккан биринчи СССРдин спорт чебери катары таанымал.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, бир топ белгилүү спортчуларды таптаган Сарыгул Чекиров 87 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты Дене тарбия жана спорт департаменти тастыктады.
Чекиров Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандан чыккан биринчи СССРдин спорт чебери катары таанымал.
Улуттук күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону. 1990-жылы спорттун бул түрүнө кошкон салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, ал эми 2000-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамдары ыйгарылган. 1964-жылы эркин күрөш боюнча Кыргыз ССРинин курама командасына жетекчилик кылган. СССР элдеринин Бүткүл союздук 1 жана 2-спартакиадаларына катышып, экөөндө тең чемпиондук наамды жеңип алган.
Эмгек жолунда жүздөн ашык спорттун чеберин, чемпиондорду тарбиялаган. Алардын арасында Темир Сариев, Мелис Турганбаев, Мурат Саралинов, Раатбек Санатбаев, Алмаз Мусабеков, Болот Ногойбаев, Баяман Эркинбаев, Ильяс Байсырахманов жана Саадан Ниязов бар. Машыктыруучулук ишин Ысык-Көлдө, Таласта жана Чүйдө дагы уланткан.
Машыктыруучу Сарыгул Чекиров: 8 окуучум азыр Жогорку Кеңеште депутат