Коррупция, алдамчылык иштери эскирбесин. Депутат мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады

Учурдагы мыйзам боюнча, алдамчылык катталган күндөн эки жыл өткөндөн кийин шектүүлөр жоопкерчиликке тартылбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш ишин кароодо "мөөнөтү эскирип кетүү" нормасы колдонулбасын. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Кеп "Алдамчылык" (209-берене), "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" (210-берене), "Алдоо же ишенимге кыянаттык менен мүлктүк зыян келтирүү" (215-берене) жана "Коррупция" (336-берене) беренелери тууралуу болууда. Учурдагы мыйзам боюнча, алдамчылык катталган күндөн эки жыл өткөндөн кийин аны жасагандар жоопкерчиликке тартылбайт. Себеби мөөнөтү эскирип кетти деп эсептелет.
Автор азыркы тапта курч көйгөйлөрүнүн бири алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же уурдоо жана алдоо, мүлктүк зыян келтирүү экенин белгилеген.
Ушуга байланыштуу анын иштеп чыккан мыйзам долбоору "өз көйгөйү менен жалгыз калган жабырлануучулардын укуктарын коргойт" деп жазган.
Депутат чоңдор балдарын кайсы жерге ишке орноштурарын айтты