Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Иши жанданган Харцыз түтүк заводу. Видеоинфографика

Донецк Элдик Республикасынын аймагында жайгашкан Харцыз түтүк заводунун токтоп калган иши аталган аймак Россияга кошулгандан кийин кайра жанданды.
Sputnik
ДЭРдеги Харцыз түтүк заводу — КМШ ичинде чоң диаметрдеги түтүктөрдү жасаган алдыңкы өндүрүшчүлөрдүн бири.
Бул сапар Харцыз түтүк заводунун тарыхы жана азыркы ишмердүүлүгү туурасында видеоинфографиканы окурмандарга сунуштайбыз.
Ишкананын тарыхы мындан 125 жыл мурда башталган. 1898-жылы негизделип, анда шахтанын вагонеткаларын жасашкан. 1937-жылдары СССРдин аймагындагы чоң диаметрдеги түтүк жасаган жалгыз завод эле.
Харцыз продукциясын 11 өлкөгө сатып турган, алардын ичинен 20 мунай, 10 газ түтүктөрү чогултулган.
СССРдин кыйрашынан кийин заводдун иши солгундаган. 21 цехтин бешөө эле калып, калганы металлоломго кеткен.
Антсе да ХТЗ "Газпром" үчүн чоң диаметрдеги түтүктөрдү жасаган негизги ишкана болгон. Донбасстагы чатак башталганга чейин ХТЗ 255 миң тонна түтүк жасаса, эми көлөмү арбыган. Тагыраагы, көпкө туруп калган заводдун иши Россияга кошулгандан соң кайра жанданды. ХТЗ "Дон – Северский Донецк" суу каналы үчүн 30 чакырым түтүк жасап берди. Эми анын жардамы менен ДЭРдеги суу көйгөйү толугу менен чечилерин күтүп жатышат.