Кыргызстандын футболчулары Азия кубогунун биринчи оюнунда жеңилип калды

Кыргызстандык футболчулар алдыда Япония жана Кытайдын курама командалары менен беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (20 жашка чейинкилер) Азия кубогундагы биринчи оюнда жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Билдирмеге ылайык, кыргызстандык спортчулар сауд аравиялык футболчуларга 0:1 эсебинде утулуп калган.
Азия кубогу 1-мартта Өзбекстанда башталган, ал 18-мартка чейин уланат. Ага 16 команда катышууда.
Өлкөнүн курама командасы тайпалык этаптын алкагында дагы эки беттеш өткөрөт. 6-мартта Япониянын курамасы менен кез келсе, 9-мартта Кытайдын футболчулары менен оюн талаасына чыгат.
Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча Азия кубогу өтөт