БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден сүйлөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп бара жатат. Бул тууралуу Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсондун айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Биз акыркы жылы миллиондогон үзүндүлөрдү (Байдендин сүйлөгөн учурунан – ред.) көрсөттүк. Дагы миллионду берсек болот. Себеби Жозеф Байден күн сайын эле ушинтип сүйлөйт. Азыркы учурда да сүйлөгөнү ушундай. Ал негизи сүйлөй албай баратат", — деп түшүндүргөн алып баруучу.
Карлсондун пикирине караганда, өлкөнү башкаруу үчүн Байденде акыл-эс жана кыймылдоо мүмкүнчүлүгү улам жок болуп бара жатат. Карлсон бул Байденге жасалган маалыматтык чабуул эмес, болгону анын абалына жүргүзүлгөн байкоо экенин кошумчалаган.
"Бирок бул кадыресе процесс дешип, бизди ага көңүл бурбай, тоготпой коюуга буйрук беришкен", — деди алып баруучу.
Американын лидери Байден өткөн жылдын ноябрында 80 жашка чыкты. Анын акыркы кездеги четтен карагандардын көңүлдү бурдурган нерселери коомчулукка, интернетке көп тарап жатат. Эл алдына чыкканда сүйлөй турган сөзүн унутуп калганы, жогорку эле кызматтагы кишилердин аты-жөнүн алмаштырып алганы, карылыктанбы же ооруданбы, жасаган калпыс кыймылдары байкалууда.