Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүн

Аталган комплекс 70 жыл илгери курулуп, үч жыл мурун авариялык абалда деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы сүрдүрүлүп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүн. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Айтымында, Садыр Жапаров бүгүн ат майданга күтүүсүздөн барып, анын абалы менен таанышкан.

"Президент заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, азыркы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды", — деди маалымат катчы.

Аталган ат майдан 1947-жылы курулган. Ал өлкөдөгү ат оюндары өткөн эң ири аянттардын бири. 2020-жылы объектинин авариялык абалда экендиги маалымдалып, бийлик анын ордуна жаңы ат майдан куруу үчүн инвестор издеп баштаган.
Өлкөдөгү ат майдандардын баарын бир ишканага бириктирүү сунушталды