Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай ЖМКсы: Америка башында Россияны оңой жоо деп ойлоп, эми кыйналууда

Кытайлык журналист Батыш Украина чатагы боюнча Россия менен теңтайлашып, жаңылганын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россия АКШ жана анын союздаштарына караганда аскердик жактан алда канча артыкчылык кылат. Бул туурасында Global Times басылмасынын мурдагы башкы редактору Ху Сицзинь макаласында белгилегендигин РИА Новости жазды.
"Россия өзү жалгыз эле Украинада бүтүндөй Батышка каршы туруп жатат", — деп белгилеген ал.
Журналисттин пикирине караганда, аскердик өнөр жай тармагы көп өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылгандыктан Москва "оңой жоо эмес". Ху Сицзинь АКШ жана анын союздаштары тандаган тактика жаңы көйгөйлөргө тушуктуруп жаткандыгын, Россияны жеңүү алар ойлогондон да кыйын болорун белгилеген.
"Бул Украинанын эле жеңилиши эмес, Американы да кемсинткен нерсе болуп калат", — деп белгилеген автор.
Аны менен катар эле батыштык бир катар өлкөлөрдүн мурда жасаган эсеп-чотунда Россия талкаланып жок болушу керек эле. Алар Москванын мынчалык көпкө чейин туруштук берерин ойлошкон эмес. Сицзинь россиялык күчтөрдүн соңку күндөрү украин аскерлерин камсыздап турган жолдогу маанилүү түйүн жайгашкан Артемовскини толук курчап алышкандыгын эске салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
The Spectator: Путин дүйнөлүк тартипти өзүнө ыңгайлаштырып өзгөртүүдө