Радио

Министрлик дыйкандарга үч миң тонна дизель 65 сомдон сатыларын айтты

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров жазгы айдап-себүү иштерине карата даярдык тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн дыйкандарга үч миллион литр дизель майы арзандатылган баада сатылат. Бул тууралуу Нурдин Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн айрым аймактарында айдап-себүү иштери башталды.
"Былтыр бюджеттен үрөн фондун жаңыртуу үчүн 1,5 миллиард сом каражат бөлүнгөн. Жалпысынан 12 миң тоннага чукул сапаттуу үрөн алып келинип, фермерлерге, үрөн чарбаларга жеткирилген. Натыйжада түшүмдүүлүк, үрөндүн сапаты кыйла жакшырды. Быйыл 67 миң тонна үрөнгө муктаждык болсо, анын 90 пайызы учурда даяр. Жалпысынан 1 миллион 232 миң гектар айдалат. Мунун ичинен 141 миң гектары күздүк дан эгиндерине тиешелүү. 139 миң гектары көп жылдык чөптөрдүн аянты. 752 миң гектар жазгы айдап себүү үчүн пландалган. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу айдоо аянты 4 миң гектарга көп. 2023-жылга 42 миң тонна дизель талап кылынса, анын 72 пайызы республикада бар. Ошондой эле күйүүчү майды арзандатылган баада жеткирүү аракети көрүлүп, дыйкандарга базар баасынан үч сом арзан сатуу нефтетрейдерлер менен макулдашылган. Мындан тышкары, материалдык резервдер фондунан үч миллион литр (3 миң тонна) дизелди 65 сомдон дыйкандарга сатуу пландалууда", — деди Алишеров.
Ошондой эле ал быйыл сугат суу, жер семирткич боюнча көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.