Кыздар көп чегет экен. Депутат Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады

Эл өкүлү жаштар зыяндуу заттарды колдонуп жатканын айтып, кырдаалды көзөмөлгө алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Кыргызстанда электрондук тамекилерди сатууга тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, электрондук тамеки чеккендер көбөйүп бара жатат.
"Соңку убакта жаштар, айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер өтө көбөйдү. Мындай каражаттар Кытайдан келет экен, курамында кандай нерсе бар экенин эч ким билбейт, белгисиз бир суюктуктар куюлган экен. Мындай зыяндуу заттарды көзөмөлгө алышыбыз керек", — деди Ташиев.
Депутат Саламаттык сактоо министрлиги оорудан сакайтуу менен эле алектенбей, алдын алганды дагы билиши керектигин айтты.
"Эртең оорулар массалык түрдө жайылса өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн. Андыктан мамлекеттик деңгээлде карап, ИИМ, Билим берүү министрлиги да кошулуп, телеканалдар менен биргеликте түшүндүрүү же тарбиялык роликтерди чыгарыш керек. Депутаттар дагы кеңешип бир мыйзам даярдап, ушуга тыюу салсак деп ойлойм", — деди эл өкүлү.
Мындан сырткары, Ташиев дарыканаларда тропикамид жана "Лирика" деп аталган наркотикалык дары дарыгердин рецеби жок сатылып жатканына тынчсызданды. Аны кыз-келиндер оңой эле алып, мурдуна куюп, жыттап, баңгизат катары колдонуп жатканын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлигин ушул маселени да көзөмөлгө алууга чакырды.
Бекешев: кээ бир депутаттар "айкосыга" лобби кылып жатат