Сузакта улуу балдардын ур-токмогунан кийин 15 жаштагы окуучу каза болду

Алгач бала ооруканага бараткан жолдо үзүлгөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуган 9-класстын окуучусу улуу балдардын ур-токмогунан кийин каза болгонун Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 102 номерине өспүрүмдүн агасы чалган. Ал 2008-жылы туулган Т.М. аттуу инисин өзү окуган мектептин аймагынын сыртынан тааныш болгон балдар уруп, окуя болгон жерден качып кетишкенин, бала ооруканага келе жаткан жолдо үзүлгөнүн билдирген.
Аталган факт 1-март күнү Сузак РИИБинде каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип фототаблица түзүлгөн. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалганы, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгону айтылды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө ошол эле мектепте окуган 10-класстын окуучулары өздөрүнөн бир класс кийин окуган беш баланы "түндө эмнеге көчөгө чыкпай жатасыңар" деген кине менен урушкан. Т.М. жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, ошол эле жерде каза болгону аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада төрт окуучу Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүргөн эки адамга соттун өкүмү чыкты