БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңешти депутаты Элвира Сурабалдиева Сокулук районунда зордукталган эки тестиердин иши боюнча тергөө жүрбөй жатканына нааразы болуп, Башкы прокуратурага кайрылды.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Эки иш боюнча катуу ызы-чуу болуп жатат. Биринчиси 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасоо боюнча. Анан тергөө купуялуулугу дегенди Сокулуктун тергөөчүлөрүнө үйрөтүп койгулачы. Жыйынтык чыгарышкан жок же иштебейт. Аягында окуяны элдин баарына жайып, кичинекей балдардын психикасын талкалап жатат", — деди депутат.
Аны менен кошо Сурабалдиева 2021-жылдын март айында 11 жаштагы баланы эки эркек зордуктап кеткен окуя боюнча тергөө иштери ушул кезге чейин бүтпөй жатканын айтты.
"Башкы прокуратуранын прокурордук көзөмөлү каякты карап жатат? "Чоңдордун балдары зордукталса же кыздары, неберелери ызы-чуу болсо эле көңүл бурасыңарбы" деп эл нааразы болууда. 80 жаштагы ата-энеси бар экен, коргой турганы жок дейт. Артында карай турган адамы жок болсо, мыйзам боюнча, арыз түшпөсө дагы прокуратура сотко чейинки өндүрүштү башташы керек. Эмнеге иш жылбай жатат? Көзөмөлгө алыңыздар", — деп кайрылды эл өкүлү.