Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Брянскидеги окуяны теракт катары баалады

ФСБнын маалымат кызматы окуя болгон жерде украиналык улутчулдарга каршы операция жүрүп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Брянск облусунда болгон нерсе — бул теракт. Кол салгандар жарандык автоунаанын ичинде балдар бар экенин көрүп туруп аткылаган. Бул тууралуу Владимир Путин Украина менен чектеш аймакта болгон окуяга комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Облустун губернатору Александр Богомаздын берген маалыматы боюнча, эртең менен Климовский районуна украиналык диверсиялык-чалгын тобу кирген. Алар Любечане айылында жүрүп бараткан автоунаага ок чыгарган. Натыйжада бир адам каза таап, 10 жаштагы бала ооруканага түшкөн.
ФСБнын маалымат кызматы окуя болгон жерде украиналык улутчулдарга каршы операция жүрүп жатканын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФСБ Брянскиде украиналык диверсанттарды жок кылуу боюнча операция жүргүзүп жатат